super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев “1-Май менен 7-Ноябрды майрам катары дем алыш күндөрүнөн алып салуу боюнча өкмөттүн аракети - маңкуртчулук” деди

 

Каалайбызбы, каалабайбызбы, Орусия менен биздин тарыхый байланышыбыз бар”,- деп билдирди ЖКнын 5-марттагы жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Айтымында, 1-Май менен 7-Ноябрды майрам катары дем алыш күндөрүнүн катарынан алып салуу аракети – маңкуртчулук.

“Украинада баш аламандыкта Лениндин эстелигин талкалоого өтүштү, Кутузовго чейин жетишти. Мына бүгүн өлкөсү экиге бөлүнгөнү турат. Каалайбы, каалабайбы, бул эки элдин тарыхы бир. Биздин дагы Орусия менен тарыхый байланышыбыз бар, муну четке кага албайбыз. 1-Май менен 7-Ноябрь мамлекеттик майрам бойдон калышы керек”,- деди Текебаев. 

Айта кетсек, өкмөт 1-Майды, 7-Ноябрды жана 23-Февралды эс алуу күнү катары белгилөөнү токтотууну сунуштап жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: