Жалал-Абад. Таштандылар боюнча рейддин алгачкы жыйынтыгы чыгарылды
Жалал-Абад шаарынын тургундары таштандыларды челектерге салып, калаа тазалана баштады. Эки айдан бери уланып келе жаткан таштандылар боюнча рейддин алгачкы жыйынтыгы чыгарылды. Кечинде таштандыны туш келген жакка ыргыткан 4-5 тургун кармалып жатса, учурда алардын саны азаюуда. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Санитардык тазалыкты сактоо атайын автобазасынын жетекчиси Төлөнбек Бакиров: “Шаарыбыздын тазалыгын сактоо үчүн атайын кечки рейддерди уюштурганбыз, учурда көчөлөр бир кыйла иретке келип, жашоочулар таштандыны челектерге сала баштады. Ал эми айрым кармалган тургундар үчүн жеринде акт түзүлүп жатат”,- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















