Жумабек Асылбеков: “Кыргызстандагы калктын 35 пайызы жарды жашоодо күн кечирип келишет”
Кыргызстандагы калктын 35 пайызы жарды жашоодо күн кечирип келет. Алардын ичинде нан, чай ичип отургандар бар. Бул тууралуу бүгүн, 5-марттагы басма сөз жыйынында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Азык-түлүк коопсуздук жана маркетинг башкармалыгынын начальниги Жумабек Асылбеков билдирди.
Анын айтымында, жылына нанды керектөөдөгү норма 115 килограммга барабар болсо, КРдагы көрсөткүч 200 килограммды түзүүдө.
“Ошондуктан тамактануунун сапаты тууралуу маселе “Гүлазык” программасына киргизилген. Анда унду витаминдештирүү, туздун йоддолгондугу маанилүү”,- деди ал.
Мындан сырткары 2017-жылга чейин калктын коопсуз тамактануусун камсыздай турган программа иштелип жаткандыгын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

