super.kg logo
  Саясат  

2012-2013-жылдар аралыгында 280 мамлекеттик кызматкер иштен бошотулган

 

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматтан бошотулгандар да кийинки эки жыл аралыгында кирешелери туурасында декларация тапшырууга милдеттүү. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Аалы Карашев билдирди.

Анын айтымында, 2012-2013-жылдар аралыгында 280 мамлекеттик кызматкер иштен бошотулган. Алардын 169у гана өз учурунда декларацияларын тапшырышкан.

Мүлктү декларациялоонун максаты - мамлекеттик органдардагы жогорку жана башка кызматтарды ээлеген адамдардын кирешелерин ачык-айкын көрсөтүү жана алардын эл алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылуу. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин кирешесин декларациялоо коррупцияга каршы күрөшүүнүн жолу болуп саналат. Декларация кампаниясынын биринчи этабы бүттү. Жакында андагы маалыматтардын аныктыгын аныктоо иштери жүрөт. Эгер декларациялык документ өз убагында же туура эмес толтурулган болсо, ал тууралуу маалымат мамлекеттик орган жетекчисине жөнөтүлөт. Анда жумушчуну кызматтан бошотууга чейинки жазалар каралган”,- деди Аалы Карашев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: