super.kg logo
  Саясат  

Жаңы идея: Кыргызстандын ар бир жаранына жылына 5тен көчөт тиктирүү демилгеси көтөрүлүүдө

 
Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында депутат Курмантай Абдиев жаңы демилге көтөрүп чыкты. Тактап айтканда, депутат Кыргызстандын ар бир жаранына жылына 5 даанадан көчөт отургуздуруу сунушун айтып чыкты.
"Кыргызстандын токойлору суюлуп баратат. Учурда өлкө аймагынын 4,4 пайызын гана токой каптап турат. Жаратылышка "сен" дебей, "сиз" дегенге эл менен кошо баарыбыз үйрөнүшүбүз керек. Мен жыл сайын 20-марттан 20-апрелге чейин ар бир жарандын 5тен көчөт тигишин сунуштайм. Көчөттү ар кимибиз өзүбүздүн акчага сатып алабыз. Жыл сайын миллиондогон дарак көктөмөк",- деди Абдиев. 
Демилгени көпчүлүк депутаттар колдоого алышты. Бул боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: