super.kg logo
  Саясат  

Кант шаарын таза суу менен камсыз кылуу тутумун калыбына келтирүүгө 6,5 миллион евро өлчөмүндө гранттык каражат бөлүнүүдө

 

Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Еропалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кант шаарын таза суу менен касыз кылуу жана канализациясын калыбына келтирүү долбоорун каржылоо жөнүндө Кредиттик макулдашууну ратификациялоого арналган мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, Кант шаарын таза суу менен камсыз кылуу тутумун калыбына келтирүү максатында 6,5 миллион евро көлөмүндө каржылык көмөк көрсөтүлүп жатат.

Келишимге ылайык, Швейцариянын Экономикалык байланыштар боюнча мамлекеттик катчылыгы 3,6 миллион евро грант, 1,4 миллион евро техникалык жардам караган. Ошону менен бирге КРнын Өкмөтү да 1 пайыздык үстөгү менен 15 жылдык мөөнөткө 1,5 миллион евро насыя каражат бөлөт.

Келишим долбоору боюнча үч жылдан бери сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген. Алынган каражатка шаардын 13 чакырым келген суу түтүгү алмаштырылып, ар бир кардарга өзүнчө суу ченегичтер орнотулат. Ушул тапта таза суу менен камсыз кылуу наркы жан башына 52 сомдон айланууда.

Келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: