super.kg logo

Ошто жасалма документ менен тааныштарын кызматка алган балдар ооруканасынын жетекчисине кылмыш иши козголду

 

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан саламаттыкты сактоо органдарын текшерүү учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облустар аралык балдардын кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасындагы жетекчилик жана жоопкерчиликтүү кызматтагы адамдары тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы ачыкка чыкты. Бул тууралуу 5-мартта аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, дарылоо мекемесиндеги башкы дарыгер М.О. менен жоопкерчиликтүү тараптар эмгек акы фондусунан бюджеттик каражатты ээлеп алуу максатында факт түрүндө аталган ооруканада иштебеген өзүнүн туугандары менен тааныштарын фиктивдүү механизмди колдонуу жолу менен жасалма документтер аркылуу жумушка алган.

Аталган факт боюнча ушул жылдын 23-февралында Ош облустук прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 308-беренеси (бюджеттик каражаттын мыйзамсыз колдонулушу) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмалуулук) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.03.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сакта жасалма документ менен да киши дарылай алабы- мына ошон учун эн 1 диагноздор туура коюлбай калп эле дарылануу жна ооур кучоодо мурда узи жок эле озулору диагноз коюп 2-3 дары мн айыктырышчу эле
06.03.2014. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meris, "аталган ооруканада иштебеген..." деп атат. Мында алар жасалма документ жасап аларды фиктивный жумушка алган, алар иштебейт, бирок айлык акы жазыла берет, акчаны жетекчи алат.
06.03.2014. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен иштеген мектепте да ушундай болчу, 6-7 жыл мурун(азыр Орусиядамын). Маяна алганы киргенде ведомстводон бейтааныш эле фамилияларды көрчүбүз. Арасында директордун университетте окуган кызы да болчу, өзү иштебейт, бирок ага кружок жазылчу, эч бмр өтүлбөгөн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: