super.kg logo
  Саясат  

Улуттук банк: Кыргызстандын валюта рыногундагы абал турукташууда

 

Кыргызстандын валюта рыногундагы абал турукташууда. Бул тууралуу Улуттук банк бүгүн, 6-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын 3-4-март күндөрү Кыргызстандын валюта рыногунда алып сатарлардын айынан АКШ долларынын курсу кескин серпилүүгө туш болгон. Жасалма дүрбөлөңдүн айынан чет элдик валюталарга суроо-талап күчөгөн.

Абалды жөнгө салуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы акча-кредит саясатынын бардык куралдарын колдонуп, коммерциялык банктар менен акча алмаштыруу жайларына мониторинг жүргүзүп, тартип бузгандарга тиешелүү чаралар колдонулду.

Алып сатарлыкка жол бербөө үчүн Улуттук банк тарабынан өз учурунда көрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында валюта рыногу турукташууда. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүнө экономикалык негиз жок экенин эске алуу менен калкты чыгымдарга туш болбош үчүн  валюта рыногунда чечим кабыл алууда дүрбөлөңгө түшүп, эмоцияга алдырбоого чакырат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: