super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан Европалык кеңештин парламенттер аралык ассамблеясына мүчө болууга аракет кылууда

 
Кыргызстан Европалык кеңештин парламенттер аралык ассамблеясына мүчө болууга аракет кылууда. Муну 6-мартта “Парламент” радиосунун түз байланышында ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев билдирди.

 

“Европа кеңешинин парламенттер аралык ассамблеясына 47 мамлекет мүчө, депутаттардын саны 318. Бирок азырынча алардын катарында Борбордук Азиядан мүчө болгон бир дагы өлкө жок. Кыргызстан ага кошулуу аракетин көрүп жатат. 2011-жылдан бери “Демократия үчүн өнөктөш” программасынын алкагында иштер жүргүзүлө баштады. Эгерде ага Кыргызстан мүчө болуп калса, анда ал уюмдун жылына 4 ирет өткөрүлө турган жыйындарына катышып, европалык парламентаризм тажрыйбаларын үйрөнөбүз”,- дейт Иманалиев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: