"Интернет-клубдан 2800 долларга бааланган приставканы уурдады" деген шек менен үч жигит кармалды
“Суванбердиев-Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Сони-Интернет” аталышындагы клубдан “Сони плейстейшн” үлгүсүндөгү 4 оюн приставкасын уурдады” деген шек менен 3 жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Бишкек ШИИББи билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектелип Бишкектин тургундары 21 жаштагы Д.Юрий, 20 жаштагы С.Фарух, 22 жаштагы П.Никита колго түшүрүлдү. Алар буга чейин башка интернет-клубдан “Сони” үлгүсүндөгү 1500 АКШ долларына бааланган сыналгыны уурдаганы аныкталды.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.