super.kg logo

Бишкекте Жол-кайгуул кызматкерлерин тапанча менен коркуткан жигит кармалды

 

Бишкекте жол эрежесин бузган, анысы аз келгенсип, аны токтоткон МАИ кызматкерлерине тапанча көтөргөн 23 жаштагы А.Улугбек аттуу жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-мартта жол-кайгуул кызматкерлери коопсуздук курун тагынбай Лексус RХ470 үлгүсүндөгү унаасын айдап келе жаткан айдоочуну токтотушкан. Ал МАИ кызматкерлерин сөгүп, кеп-сөзгө келбей, чөнтөгүнөн тапанча алып чыгып, аларды "Ордуңдан жылба! деп коркуткан. 

Учурда бул жигит, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренесине ылайык, 48 саатка Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камалды. Териштирүү иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.03.2014. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар 48 саат аз бул, ото аз
06.03.2014. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын айдоочулук куболугун алып салыш керек жана тапанчаны эмне учун колдонгондугун билиш керек балким ошол тапанча менен адамдарды кыйла кылып жургондур !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: