super.kg logo
  Саясат  

Кайрат Маматов Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп шайланды

 

Бүгүн, 6-мартта Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы биринчи отурумун өткөрдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалым болгондой, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрага кызматына бир добуштан Кайрат Маматов шайланды. Анын катчылыгына Ольга Щербенина тандалды.

Буга чейин 2014-жылдын 4-мартында БШК Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамын түзгөн. “Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КРнын мыйзамына ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын комиссиянын мүчөлөрү биринчи отурумда шайлашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: