super.kg logo
  Саясат  

Кудайберген Базарбаев карылар жана майыптар үйүндөгү айымдарды 8-Март майрамы менен куттуктады

 

Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Төмөнкү Серафимов айылындагы карылар жана майыптар үйүнө түстүү сыналгы белек кылды. Бул тууралуу 6-мартта аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министр мырза карылар жана майыптар үйүндө жашаган, ал жакта иштеген айымдарды келе жаткан 8-Март майрамы менен куттуктап, бул жактагылардын жашоо шартын жакшыртуу максатында өкмөт бир катар иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи.

Тамак-ашка болгон норманын жогорулашы менен сиздер аз да болсо жашооңуздардын жакшырганын сезе алдыңыздар болуш керек. Өкмөт дайым сиздерге жакшы шарттарды түзүү үчүн аракет кылып келет. Сиздер өлкөнүн жыргалы үчүн көп эмгек жумшагансыздар”,- деди Кудайберген Базарбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: