Кыргызстанда коррупциялашкан чиновниктердин «кара тизмеси» түзүлөт
Кыргызстанда коррупциялашкан чиновниктердин «кара тизмеси» түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандагы
коррупция менен күрөштүн жүрүшүн анализдеген тегерек столдо Кыргыз
Республикасынын Экономика министри Темир Сариев билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Анын айтымында,
Мамлекеттик кадр кызматы бул тизмени түзүүнүн үстүндө иш алып барууда жана
мындай маалыматтар мамлекеттик түзүмдөргө кызматка алууда таасирин тийгизет. Бирок
аталган маселенин көтөрүлүшү көпчүлүк чиновниктерге жагымсыз болгону маалымдалды.
Министр мамлекеттик органдар тарабынан бул багытта жетиштүү көңүл
бурулбай жатканын айтып, айрым министрликтердин коррупция менен күрөшүүгө
формалдуу түрдө киришкенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

