Баткен. Самаркандек аймагында сел жүргөн арыктардын жээктерин бекемдөө иштери башталды

Баткен районуна караштуу Самаркандек айыл өкмөтүнүн Орто-Сай, Базар аймактарында ӨКМнын жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштери башталып, сел агымдарын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу 6-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл сел жүрүү коркунучу бар жерлердин оң жана сол жак жээктеринде жайгашкан 20 турак үйдү, гимназия жана орто мектепти коргоо колго алынган. Бул максатты ишке ашыруу үчүн 1600 метр аралыкты тазалоо жана габиондук торчолор менен бекемдөө CIZ уюмунун каржылоосу менен иш жүзүнө ашырылды. ӨКМ тарабынан бөлүнгөн 1 бульдозер тазалоо жумуштарын баштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
2

