super.kg logo
  Саясат  

Президент Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчыларын запаска бошотуу жөнүндө жарлыкка кол койду

 

Бүгүн, 6-мартта президент Алмазбек Атамбаев «Куралдуу күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2013-жылдын апрель-июнунда жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн маалымдашты.

Жарлыкта «Кыргызстандын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамынын 15, 17, 31-беренелерине ылайык токтом кылынды.

Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Куралдуу күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулсун.

2014-жылдын апрель-июнунда чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугуна ээ болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугун жоготкон эркек жарандар Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакырылсын.

Өкмөт мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларын, альтернативдик кызматтын кызматчыларын бошотуу мөөнөтүн жана жарандарды мөөнөттүү аскердик, альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу тартибин аныктасын.

Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: