Крымдын кайрылуусу боюнча Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен чукул жыйын өткөрдү
Крым парламентинин кайрылуусу боюнча президент Владимир Путин Орусиянын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен чукул жыйын өткөрдү.
Муну бүгүн, 6-мартта “Интерфакс” жарыялады.
Айта кетсек, бүгүн Крым парламенти Орусия бийлигине кайрылуу жолдоп, анда Крымды Орусиянын курамына кошуп алуу маселесин кароону сунуштаган эле. Чукул жыйындын жыйынтыгы боюнча расмий маалымат бериле элек. Жыйынга Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Мамлекеттик Думанын төрагасы Сергей Нарышкин жана башка жетекчилер катышты. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

