“Туризмди өнүктүрүүгө 50 миллион сом бөлө албасак уят” дейт Асылбек Жээнбеков
“Туризмди өнүктүрүүгө 50 миллион сом бөлө албасак уят”,- деп билдирди ЖКнын 6-марттагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков. Айтымында, өлкөгө кирген туристтердин санын өстүрүү үчүн аларга шарт түзүү зарыл. Айта кетсек, Туризм департаменти 2014-жылга бюджеттен 7 миллион сом эмес, 50 миллион сом бөлүп берүүнү суранууда.
“50 миллион көп деле акча эмес, ушуну бөлүп бере албасак, анда туризм жөнүндө кантип сөз кылабыз? Демилгени колдойлу, муну менен департаментти гана эмес, туристтерди тейлеген мекендештерди да колдогон болобуз”,- деди төрага.
Бул боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

