super.kg logo
  Саясат  

Орусия КМШ өлкөлөрүндө жайгашкан аскер базаларын чыңдай баштады

 
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украинадагы оор кырдаалга байланыштуу Орусия КМШ өлкөлөрүндө жайгашкан бир катар аскер базаларын чыңдай баштаганын билдирди. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 
Коргоо министри Беларустагы авиабазада тез учуучу учактар былтыркы жылдан тарта аскердик нөөмөттө иштей баштаганын жана бул жылы ал жакта полк түзүлөрүн айткан. Ал эми Тажикстандагы аскердик база бригададан дивизиялык курамга өткөнүн белгиледи. Булардын катарында Орусиянын Кыргызстандагы, Канттагы авиабазасы да бар. Учурда Кант шаарындагы Орусиянын аскердик базасына кошумча күчтөр, анын ичинде тик учактар, десанттар жайгаштырылды. Эскерте кетсек, Орусия Кант авиабазасын 49 жылга ижарага алган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: