super.kg logo
  Саясат  

Ош. Мэр Айтмамат Кадырбаев аймактык кеңештердин жетекчилери менен жолугушту

 

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 6-мартта шаардагы аймактык кеңештердин жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда 2013-жылдагы аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу маалыматтар айтылды. Шаарда  жалпысынан 12 аймактык кеңеш болсо, анда 85 адам иштеп келет. Жыйында Ош шаардык аймактык кеңештердин ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча башкы адис Гүлмира Эркулова шаарда коомдук тартипти сактоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иш-чаралары өткөрүлгөнүн айтты. Ошону менен бирге жыйында аймактык кеңештердин жетишкендиктери тууралуу сөз болду. 

Ошондой эле социалдык инфраструктураны жакшыртуу боюнча бир катар пландар иштелип жактаны маалым болду. Жыйында калаа башчысы тиешелүү жетекчилеринен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштарды берүүнү талап кылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: