Орус тилин билгендер эми Орусиянын жарандыгын 3 ай ичинде ала алышат

Премьер-министр Дмитрий Медведев өкмөттүн жыйынында мурунку СССРдин курамындагы мамлекеттерде жашаган, орусча билген адамдар Орусиянын жарандыгын 3 айдын ичинде алышса болорун билдирди. Бул тууралуу 6-мартта орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Автор: Дамира Арстанова
Медведевдин айтымында, Орусиянын
жарандыгын алуу үчүн башка өлкөнүн жарандыгынан баш тартуу абзел. Орус тилин билген жарандарды аныктоо
үчүн атайын сүйлөшүү жүргүзүлөт. Андан ийгиликтүү өткөндөр Орусияга кирүү үчүн
атайын виза алышат жана убактылуу жашоого мүмкүнчүлүк алуу стадиясынан өтпөй
эле Орусияда жашашса болот. Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору 11-мартта Мамлекеттик Думада каралмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
2

