super.kg logo
  Саясат  

"Жалал-Абад жана Нарын облустарынын айрым жергиликтүү кеңештерин таркатуу жөнүндө" жарлыкка кол коюлду

 
Бүгүн, 7-мартта президент Алмазбек Атамбаев "КРнын Жалал-Абад жана Нарын облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңеши, Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңеши жана Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңеши тарабынан айыл өкмөт башчылары шайланбагандыгына байланыштуу төмөнкүдөй токтом кылынат:

КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңеши, Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңеши жана Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңеши таркатылсын.

Жогоруда аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2014-жылдын 20-апрелине дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган органдарга мөөнөтүнөн мурда шайлоону КРнын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлүүгө;

- мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына жогоруда аталган кеңештердин карамагына таандык документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: