Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматында Айымдардын эл аралык майрамы белгиленди
7-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы чекист айымдарды майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу аталган кызматтын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, УКМКнын борбордук имаратында 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамына карата майрамдык салтанат өттү. Ага КРнын УКМКсынын башчысы, генерал-лейтенант Табалдиев Б.Б. катышып, чекист айымдар милдетин аткаруу менен бирдикте өлкөнүн коопсуздугун сактоодо салым кошуп келе жаткандыгын белгилеп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө айымдарга белектер тартууланып, майрам концерттик программа менен коштолду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















