super.kg logo
  Саясат  

“КРнын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө” жарлыкка кол коюлду

 
Бүгүн, 7-мартта президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, КРнын Статистика боюнча кеңешинин жобосу жана курамы бекитилди.

КРнын Статистика боюнча кеңеши расмий статистиканы жүргүзгөн мамлекеттик органдарга колдоо көрсөтүү жана бул чөйрөдөгү координацияланган чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуу, статистика жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга чакырылган консультациялык кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Ошондой эле 2008-жылдын 2-сентябрында кол коюлган “КРнын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө” жарлык күчүн жоготту деп табылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: