super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев: "Аялдарга болгон мамиле менен коомдун маданияты аныкталат"

 

Бүгүн, 7-мартта премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кыргызстандык айымдарды 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Куттуктоо тексти төмөнкүдөй:

“Урматтуу асылзат айымдар!

Сиздерди баарыбыз күткөн жаз менен кошо кирип келген эл аралык майрамыңыздар менен өзүмдүн жана өкмөттүн атынан чын жүрөктөн куттуктаймын!  

Аялдын жүрөгү “солк” этсе, дүйнө “болк” этет. Ошондуктан элибизде “эне сабырына чек жок” деген нускалуу сөз айтылып келет. Сиздер үйүбүздүн куту, жашообуздун нурусуздар. Адам жашоосун нурлантып, элибиздин жүгүн аркалаган эр-азаматтарды тарбиялап, мекенчил сезимдин үрөнүн жүрөктөргө сээп, улутубуздун уюткусун сактап келесиздер. Сиздердин мээримиңиздер менен жашоонун жарыгы жанып, ыйык коломтобуздун оту өчпөйт.

Аялдарга болгон мамиле менен коомдун маданияты аныкталат. Сиздер тууралуу ырлар жазылып, искусство тармагында чыгармалар жаралып, сиздер үчүн баатырдыкка барабыз.

Ардактуу айымдар!

Ааламда өзгөрбөй турган үч гана нерсе бар. Алар: эненин ак сүтү, күндүн нуру, наристенин күлкүсү. Эгерде биздин өлкөбүздө ушул үч нерсе ар дайым болсо, анда элибиздин келечеги болот.

Дайыма бактылуу өмүр сүрүп, турмуштун улуу көчүн мындан ары улай бериңиздер!”






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: