super.kg logo
  Саясат  

"Супер-Инфо" гезити Алмазбек Атамбаевди "Жылдын адамы" деп тапты

 

Кыргызстандагы эң көп нускалуу “Супер-Инфо” гезити Кыргызстандын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди “Жылдын адамы” деп тапты.

Үстүбүздөгү жыл Кыргызстан үчүн маанилүү жылдардын бири болду. Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө чоң тоскоолдук жаратып келген, эгемендүүлүктү алгандан бери тамырын терең жайган коррупция менен күрөшүү бул жылы жаңы баскычка көтөрүлдү. Бийлик коррупцияга каршы күрөштө сөздөн, убадалардан ишке өттү. Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен түзүлгөн Коррупцияга каршы жарандык кыймыл дагы жер-жерлерде тиешелүү мамлекеттик органдар бере албай келген натыйжаларды көрсөтүүдө.

Эл аралык мамилелерди чыңдоо, башка өлкөлөр алдында өз кызыкчылыгыбызды айта билүү жана өлкө таламын талашуу маселеси быйыл өлкө президенти тарабынан активдүү жүргүзүлүп, ажо дүйнөлүк аренада Кыргызстанга болгон сыйды кайтара алды. Мына ушул алгылыктуу иштердин баарынын башында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев турду. Андыктан  Алмазбек Атамбаев “Жылдын адамы” деп табылды. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: