super.kg logo
  Саясат  

“Сочи-2014”. Украина саясий абалга карабай Паралимпиадага катышууну чечти

 

Кечээ, 7-мартта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында өтүүчү Паралимпиада оюндары старт алып, Украина Орусия менен бекем саясий ымалада болбогонуна карабай спортчуларын катыштырууну чечти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Украинанын Паралимпиада комитети буга чейин Орусия менен Украинанын ортосундагы курч саясий кырдаалга байланыштуу спортчулары Паралимпиадага катышпай калышы мүмкүн экенин айтып келген. Учурда Орусияга келип, оюндарга катышуу алдында турган курамга 31 спортчу кирген. Алардын көбү лыжа спорту, биатлон жана тоо-лыжа спорту боюнча өлкө намысын талашмакчы.

Кошумчалай кетсек, ар бир Олимпиада оюндары үчүн курулган объекттерде Олимпиада жыйынтыкталган соң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында Паралимпиада оюндары орун алат. 2010-жылы Ванкувер шаарында өткөн Паралимпиада оюндарында украиналыктар 19 медаль утуп, командалык эсепте 5-орунду ээлешкен.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: