Жантөрө Сатыбалдиев иш сапары менен Ошто жүрөт
Премьер-министр Жантөрө
Сатыбалдиев бир күндүк иш сапары менен Ош облусуна кетти. Өкмөт башчы облуста
дыйкандардын жер семирткичтер менен камсыздалышын көрүп чыгарын өкмөттүн басма
сөз кызматы билдирди. Курулушу башталып, учурда токтоп турган асма көпүрөнүн абалы
менен да таанышат.
Айта кетсек, узундугу 450 метр
болгон аталган көпүрөнүн курулушуна жергиликтүү бюджеттен быйыл 40 миллион сом
бөлүнөт. Буга чейин “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары ал көпүрөнүн иши менен
таанышып, курулушту бүтүрүүгө жергиликтүү бийликтин алы жетпей турганын,
маселени өкмөт колго алышы керектигин айтышкан эле.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

