super.kg logo

Йеменде кеме кыйрап, 40тан ашуун мигрант набыт болду

 
Түштүк Йемендин жээктеринде кеме кыйрап, 42 адам каза тапты. Бул тууралуу 10-мартта Йемен мамлекетинин Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 9-март күнү кечинде катталган. Набыт болгондор Африкадан Йеменге иштөө үчүн келе жаткан мигранттар экени аныкталды. Жээк күзөтү кызматынын өкүлдөрү 30га жакын адамды куткарууга жетишишкен. Алар Майфаа шаарындагы качкындардын лагерине жөнөтүлдү. 
2012-жылы Африкадан келген 84 миңге чукул мигрант Йеменге мыйзамсыз кирген. Ошондой эле Эфиопия менен Сомалиден Сауд Арабияга бара жаткан мигранттар Йемен аркылуу өтөрү белгилүү болгон. Ал эми 2013-жылы Сауд Арабия мыйзамсыз мигранттар үчүн мунапыс киргизип, иштөө үчүн расмий түрдө уруксат алууну сунуштаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.03.2014. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайда барба мигранттын мамайы. жаман болуптур.
10.03.2014. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле. мурун мигранттардын оор тагдырлары тууралуу кинолордон эле корчум. азыр озубуздун башыбызга келип калды. келгенине 15 жылга жакындап калды окшот билбейм менин жашоомо миграция 2006-жылдан бери таасирин тийгизет...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: