Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Айымдардын эл аралык майрамы белгиленди
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда айымдардын майрамына арналган чоң программадагы майрамдык кече болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу бүгүн, 10-мартта билдирди.
Кечеде ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев айымдарды майрамы менен куттуктап, билим берүүдө жигердүү салым кошкон эжейлерге, алдынкы студент кыздарга окуу жайдын Ардак грамотасын жана баалуу белектерди тапшырды.
Иш-чара агайлар тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. Ошондой эле кечеге шаардагы ырчы, куудул жана төкмө акындар катышып, айымдарга жагымдуу маанай, ыр-күлкү тартуулашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















