12-мартта Обама Украинанын премьер-министри Яценюкту кабыл алат
12-мартта Ак үйдө АКШ президенти Барак Обама менен Украинанын
премьер-министри Арсений Яценюк жолугушат. Бул тууралуу АКШнын Президенттик администрациясынан билдиришкенин орусиялык маалымат каражаттары бүгүн, 10-мартта жазып чыгышты.
Автор: Дамира Арстанова
Маалыматка ылайык, Обама менен Яценюк Орусиянын Крымга карата аскерий
кийлигишүүсүн тынчтык менен чечүү жолдорун, өлкөнүн суверендүүлүгүн сактап калуу тууралуу сүйлөшүшөт. Мындан сырткары
Украинанын экономикалык маселелерин чечүүгө эл аралык каржылык колдоо көрсөтүү жөнүндө да сөз болору айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

