super.kg logo

Мурду менен 103 тамганы 47 секундда терген индиялык жаран жаңы рекорд койду

 
Жаңы рекордго ММКлардын өкүлдөрү да күбө болду.

Индиялык жаран Мохаммед Хуршид Хуссейн компьютердин клавиатурасы менен басып, текст терүүнүн ылдамдыгы боюнча жаңы рекорд койду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 23 жаштагы жаран 47 секунд ичинде 103 символду (тамга) баракка түшүргөн. Ал мурду менен англисче "Guinness World Records" has challenged me to to type this sentence using my nose in the fastest time" деген билдирүү аралашкан сүйлөмдү жазды ("Гиннесстин рекорддор китеби" мага ушул сунушту өтө аз убакыт ичинде терүүм керектигин тапшырган").  

"Гиннесстин рекорддор китеби" эми бул көрсөткүчтү расмий түрдө каттоого тийиш. Хуссейн жазган сүйлөмдү буга чейин 2008-жылы арабиялык жаран 1 мүнөт 33 секундда жазып, аталган китепке катталган.

Жаңы рекорд ээсинин айтымында, ал мурду менен жазуу жазууга күн сайын 6 саат сарптаган. Буга чейин ал буту менен компьютерде тамга жазып, "Гиннесстин рекорддор китебине" атын жаздырган.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
14.03.2014. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде
22.06.2014. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ужас колум менен аран жазам менен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: