Крымдагы украиналык аскерлерге 13 миллион доллар сыйлык берилет
Крымдагы украиналык аскерлерге
125 миллион гривен же 13 миллион доллар сыйлык берилет. Муну Украинанын
премьер-министри Арсений Яценюк 9-марттагы өкмөт жыйынында айтканын ММКлар
жарыялашты.
“Крымдын аймагында өз өлкөсүн
татыктуу коргоп жаткан аскерлерге 125 миллион гривен суммасында бир жолку сыйлык берүү
боюнча бүгүнкү жыйында чечим кабыл алынмакчы”,- деген Яценюк тийиштүү органга
акчаны тез арада бөлүү тапшырмасын берди.
Акчанын кандай жол менен
которула турганы айтылган жок. 9-мартта Крым бийлиги Киев өлкөдө (Крымда) мамлекеттик
казыналыктын электрондук системин өчүрүп, бардык банктык эсептерди кулпулаганын
жарыялаган эле.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

