Зинедин Зидан “Монако” футболдук клубунун башкы машыктыруучусуна айланышы мүмкүн

Легендарлуу футболчу Зинедин Зидан Франциянын Жогорку Лигасында ойногон “Монако” футболдук клубунун башкы машыктыруучусуна айланышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта европалык басылмалар кабарлады.
Маалыматка ылайык, жакын арада жаңы башкы машыктыруучу менен иштешүүгө бел байлаган “Монаконун” жетекчилиги бул кызматка талапкер катары Зинедин Зидандын да ысымын карап жатат. Зидан учурда мадриддик “Реалда” башкы машыктыруучу Карло Анчелоттинин жардамчысы катары эмгектенүүдө.
Кошумчалай кетсек, учурда “Монакону” белгилүү италиялык адис Клаудио Раньери машыктырып келет. Франциянын биринчилигинде 28-турдун жыйынтыгында клуб кармагындагы 59 упай менен 2-орунду ээлеп келет. Лидерлик саптагы ПСЖнын 28 оюндагы көрсөткүчүнүн жыйынтыгы 67 упайды түзөт. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
lampard8

10.03.2014. 12:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.