super.kg logo
  Саясат  

Крым Орусиянын курамына кошулса, ага 40 миллиард рубль бөлүнөт

 

“Крым Орусиянын курамына кошулса, Орусия ал өлкөгө 40 миллиард рубль бөлүүгө даяр”,- деп билдирди 9-мартта Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары Павел Дорохин. Муну орусиялык ММКлар жарыялашты.

Депутат Крымдын премьер-министри Сергей Аксенов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн айтат. Бөлүнө турган акча Крымдын ишканаларын өнүктүрүүгө жумшалмакчы.

“Эң негизгиси, автономиялык республиканын өнөр жайларына жана унаа жасоо ишканаларына көңүл бурулат. Мындан тышкары акчанын көп бөлүгү Орусиянын Кара деңиз флотундагы кемелерди тейлөөгө бөлүнөт”,- дейт Дорохин.

Эскерте кетсек, Крымдын статусу боюнча референдум 16-мартта өтөт. Аны өткөрүү үчүн 1 миллион 550 миң бюллетень даярдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: