super.kg logo
  Саясат  

2013-жылдагы кирешеси боюнча декларация тапшыра электердин катарында Келдибеков, Түлеев жана Сулайманов бар

 
2013-жылдагы кирешеси жана үй-мүлкү боюнча декларация тапшыра электердин катарында 2014-жылдын 1-мартына карата депутат Ахматбек Келдибеков, Нариман Түлеев жана экс-депутат Нурлан Сулайманов бар. Муну Мамлекеттик кадр кызматы билдирди. Тизмеде мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Ибрагим Жунусов, мурунку тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, өзгөчө кырдаалдар министринин мурунку орун басары Кушбак Тезекбаев жана башкалар бар.
Айта кетсек, декларацияда жалган маалымат берген же документти толук толтурбаган мамлекеттик кызматкерлерге чара көрүү боюнча Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору каралып жатат. Тактап айтканда, аларга 5000ден 10 000 сомго чейин айып салынат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: