super.kg logo
  Саясат  

Крымда өтүүчү референдумду Путин "мыйзамдуу" десе, Меркель "мыйзамсыз" деди

 
Кезектеги телефондук сүйлөшүүдө Германиянын канцлери Ангела Меркель Орусиянын президенти Владимир Путинге 16-мартта Крымда өтүүчү референдум мыйзамсыз экенин айтты. Меркель бул аракет Конституцияга жана эл аралык келишимдерге каршы келет деп эсептейт. Чет элдик ММКлар жарыялагандай, Путин Крымда өтүүчү референдум аталган өлкөнүн жарандарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого негизделип жатканын айтып, бул иш эл аралык нормаларга каршы келбей турганын билдирди.

Эскерте кетсек, Крымда өтүүчү референдумга 2 маселе коюлат. Биринчиси – Крымдын Орусиянын аймагына кошулушу, экинчиси – Крымда 1992-жылдагы Конституцияга кайтып келүү менен Украинанын карамагында калышы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: