Кыргызстандын оор атлетика курама командасы жаштар арасындагы Олимпиадага 1 жолдомо утту

Оор атлетика боюнча Кыргызстан курама командасы быйыл өтө турган жаштар арасындагы Олимпиада оюндарына 1 жолдомо утуп алды. Бул тууралуу Оор атлетика боюнча эл аралык федерациянын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, быйыл 16-28-август аралыгында Кытайда өтө турган жаштардын Олимпиадасына жолдомо 4-9-март аралыгында Таиландда өткөн Азия чемпиондугунун жыйынтыгы аркылуу ойнотулду. Кыргызстан курама командасы 174 упай топтоп, командалык эсепте 3-орунду ээледи. Жолдомо алуу үчүн алдынкы 5 орундун бирин камсыздоо керек болчу.
Таиланддагы мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандан тышкары командалык эсепте алдынкы бештикке Түштүк Корея, Индонезия, Тайпэй жана Сирия командалары кирип, жолдомого ээ болушту. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
muslim7

10.03.2014. 12:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.