Ооганстандын биринчи вице-президенти Мохаммад Касим Фахим каза тапты
Кечээ, 9-мартта Ооганстандын вице-президенти, маршал Мохаммад Касим Фахим каза тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Мохаммад Касим Фахимдин капысынан жүрөгү токтоп калган. Анын өлүмүнө байланыштуу ооган өкмөтү тарабынан өлкөдө 3 күндүк аза күтүү жарыяланды.
Касим Фахим 1957-жылы Парван провинциясында жарыкка келген. 2009-жылы Ооганстандын биринчи вице-президенти кызматына келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















