Кыргызстандын унаа жолдорундагы кар көчкү түшүү коркунучу 12-мартка чейин сакталат
Кыргызстандын унаа жолдорундагы кар көчкү түшүү коркунучу 12-мартка чейин сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 9-мартынан 11-мартына чейин күтүлүп
жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош
(121-137, 198-265-чакырымдары), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Каракол - Эңилчек (45-90-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү
күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү
аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.
Мындан сырткары абанын температурасы төмөндөп, талаа жумуштарында тоскоолдук жаралат. Кыштоолордо мал кармоо кыйындап, автоунаа, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши татаалданат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

