Аксенов: “Крым саналуу айлардын ичинде Орусиянын укуктук талаасына кирет”
Эгер 16-марттагы референдумда эл өз тандоосун билдирсе, Крым саналуу айлардын ичинде толук бойдон Орусиянын укуктук талаасына кирет. Муну бүгүн, 10-мартта Крымдын премьер-министри Сергей Аксенов билдирди.
“Эгер элдик референдум “макул” десе, Крым Орусиянын курамына кошулушу керек. Бизде күндөп-түндөп иштөө башталат. Колдон келет, мүмкүн болушунча тезирээк Орусиянын мыйзамдык талаасына кирүүгө аракет жасайбыз”,- дейт Аксенов. Өткөөл мезгил болорун белгилеген Аксенов: “Биз толук бойдон рублдук аймакка киришибиз керек болот. Крымдын ичинде бардык эсептерди, анын ичинде маяна, пенсия, жөлөк пулду рублга которуу керек”,- деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















