Илья Лукаш, активист: "Мага кысым көрсөтүү күчөгөндүктөн, Кыргызстандан чыгып кетүүнү чечтим"



Активист Илья Лукаш өзүнүн интернет баракчасындагы билдирүүсүндө "мага кысым көрсөтүү күчөгөндүктөн, Кыргызстандан чыгып кетүүнү чечтим" деп жазып чыкты.
Автор: Нургазы Аматов
Анын айтымында, "Калыс" кыймылы ага каршы чыгып, активисттин Кыргызстандагы жашоосу кооптуу болуп жатат. Ал Украинанын Львов шаарындагы досторуна кетерин кошумчалап: "Орундалбай калган кыял-максаттарыбыз үчүн кечирим сурайм. Мен уруштан жеңилсем да, согуштан жеңиле элекмин",- дейт Илья Лукаш.
Белгилей кетсек, активист Илья Лукаш украиналык Евромайданды колдоо жана Бажы союзуна каршылыгы менен интернет-коомчулукка жана жаштарга белгилүү. Мындан тышкары ал ЛГБТнын (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансгендерлер) өкүлдөрүнүн укуктарын коргоп келген.
Эскерте кетсек, 27-февралда Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин имаратынын астында “Калыс” саясий кыймылы гейлерге жана бисексуалдарга каршы акция уюштуруп, "Илья Лукаш атайын ЛГБТны колдоочулардан топ түзгөн" деп күнөөлөгөн. Буга "мен топ ачкан эмесмин, болгону "Фейсбуктагы" баракчамда ЛГБТнын өкүлдөрүнүн укуктарын коргоп келем" деп жооп кайтарган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-1

