super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев Оштогу көпүрө боюнча: “Мындай кымбат долбоорду баштагандан мурун каржы булактарын табыш керек болчу”

 
Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушуна 700 миллион сом керектелет. Маалымат бүгүн, 10-мартта премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин көпүрөнүн иши менен таанышуу учурунда айтылды. Шаардык бюджеттен анын курулушуна жыл сайын 40 миллион сом бөлүнөт. Жантөрө Сатыбалдиев: 
“Мындай темп менен курулуш иши 10 жылдан ашып кетет. Ушундай амбициялык жана кымбат долбоорду баштагандан мурун каржы булактарын табыш керек болчу. Азыр бюджетте бул сыяктуу кымбат долбоорду каржылоого акча жок. Биз бюджеттен жылына 60 миллиондон бөлсөк, шаардык бюджеттин 40 миллиону кошулганда деле 7 жылдан эрте бүтпөйт”,- деди өкмөт башчы. 
Сатыбалдиев көпүрөнүн курулушу боюнча башка варианттарды карап чыгуу, курулушту 200 миллион сомго ылайыктоо зарыл экенин белгиледи. Бул үчүн Ош шаардык кеңешин кезексиз сессияга чогулууга чакырды премьер. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: