super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда 23 жыл ичинде 25 премьер-министр алмашып, КМШда алдынкы орунга чыкты

 
Кыргызстан премьер-министрлердин алмашуусу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда турат. Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун маалыматына ылайык, СССР тарагандан кийин өлкөдө 23 жыл ичинде 25 премьер-министр алмашып, ар бири орто эсеп менен 1 жылга жетпеген убакыт аталган кызматты аркалашкан. Экинчи орунда 21 алмашуу менен Украина келсе, Орусия Федерациясында өкмөт башчы 14 жолу алмашканы белгилүү болгон. Серепчилердин айтымында, министрлер кабинетинин жетекчисинин алмашууларына өлкөдөгү социалдык-экономикалык өнүгүүлөр таасирин тийгизип келет.

КМШга мүчө мамлекеттердеги 1991-жылдан 2014-жылга чейинки премьер-министрлердин алмашуусу:

1) Кыргызстан – 25;

2) Украина – 21;

3) Орусия – 14;

4) Азербайжан 12;

5) Армения - 11

6) Молдова - 11;

7) Тажикстан – 9;

8) Казакстан — 8

9) Беларусь — 7

10) Өзбекстан – 5;

11) Түркмөнстан – 3.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: