super.kg logo
  Саясат  

Индиянын КРдагы элчилиги Ошто телемедицина борборун ачууну пландоодо

 
Бүгүн, 10-мартта Оштогу Облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында Индиянын Кыргызстандагы элчиси Жайант Н.Кхобрагаде иш сапары менен болуп, анын түзүлүшү жана материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жайант Н.Кхобрагаде сүйлөшүү учурунда аталган оорукана менен Индиянын медициналык борборунун ортосунда биргелешип кызматташууну уюштурууга сөз берди.

Биринчиден, Индиянын элчилиги оорукананын базасында телемедицина боюнча борбор ачууну пландоодо. Аталган борбор он-лайн режиминде Бишкек шаарындагы жана Индиядагы медициналык борборлордогу байланышты бекемдейт. Ошондой эле элчилик тарабынан Индиянын медициналык борборлорунан кыргызстандык дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу пландалууда.

«Бул боюнча сарпталган каражаттын милдетин элчилик өз мойнуна алат»,- деп белгиледи Жайант Н.Кхобрагаде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: