super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте 2013-жылы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 17 пайызы гана жалпы республикалык тестирлөө менен ЖОЖдорго өтүштү

 

Бишкекте 2013-жылы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 17 пайызы гана жалпы республикалык тестирлөө менен ЖОЖдорго өтүштү. Муну бүгүн, 11-мартта ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Назаркул Ишекеев билдирди. Айтымында, жалпы республикалык тестирлөөдөгү 110 балл (гранттык орун үчүн) жана 105 балл (келишимдик негиздеги орун үчүн) республика боюнча бирдей.

“Аймактарга карап стандарт кабыл алуу туура эмес, стандарт баарына бирдей болуш керек. Билим берүүнүн сапаты жакшы болсун да. Мисалы, былтыр Бишкекте бүтүрүүчүлөрдүн 17 пайызы гана, ал эми айылдан келгендердин 66 пайызы жогорку окуу жайларга өтүштү”,- деди Ишекеев.

Жыйында жалпы республикалык тестирлөөдөгү босоголук баллды (110 жана 105) төмөндөтүү боюнча Баткен мамлекеттик университетинин ректору Гиязидин Матураимовдун кайрылуусу каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: