“Кристалл” ишканасы банкрот деп эсептелип, 4,6 миллион долларга сатылат
Бүгүн, 11-марттагы маалымат жыйынында Экономика министрлигинин Банкрот иштери боюнча департаментинин директору Болсунбек Казаков “Кристалл” ишканасы банкрот болуп, 4,6 миллион АКШ долларына аукционго коюлат” деп билдирди.
Анын айтымында, 2014-жылдын 26-февралында ишкананын кредиторлорунун отурумунда “Кристалл” банкрот деп саналган. 2014-жылдын 10-апрелинде саат 14:00дө Таш-Көмүр шаарында ишкананы сатуу боюнча аукцион өтөт. Старттык баасы 4,6 миллион АКШ долларына барабар.
“Кристаллды” сатып ала турган инвесторлор үчүн негизги талаптар: инвестициялык акча каражатын толук түрдө бөлүү, жумушчу орундарды түзүү жана экологияны сактоо”, - деди Болсунбек Казаков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

