Назаркул Ишекеев: “Жалпы республикалык тестирлөөдөгү 110 жана 105 баллдык чекти 2-3 жыл кармап турсак, бир катар окуу жайлар жоюлат”
Жалпы республикалык тестирлөөдөгү 110 жана 105 баллдык чекти 2-3 жыл кармап турсак, бир катар окуу жайлар, колледждер жоюлат. Муну бүгүн, 11-мартта ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Назаркул Ишекеев билдирди. Айтымында, аталган чек Кыргызстанда 3 жылдан бери колдонулууда.
“Билим берүүнүн сапатын көтөрүү үчүн ушул чекти кармап турабыз. Дагы 2-3 жыл кармап турсак, бир катар окуу жайлар жабылууга аргасыз болот. Анткени талапка жооп бербей калат”,- дейт Ишекеев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

