super.kg logo
  Саясат  

Жалпы республикалык тестти мектепти алтын медаль менен бүтүргөндөр да тапшырышы зарыл

 

Жалпы республикалык тестти (ЖРТ) мектепти алтын медаль менен бүтүргөндөр да тапшырышы зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта басма сөз жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Абдуманап Жолдошов билдирди.

Анын айтымында, 2013-жылы мектепте жалаң “5” деген баага окуп, алтын медалга ээ болгондордун арасында эксперимент жүргүзүлгөн. Бирок анын жыйынтыгы күтүлгөндөй ийгиликтерди көрсөткөн эмес. Ошондуктан ЖРТны бүтүрүүчүлөр алтын медалына карабай тапшырышы керек.

Эскерте кетсек, жалпы республикалык тестке каттоо 11-марттан 10-апрелге чейин жүрөт. Негизги жана предметтик тесттер үчүн каттоо акысы - 260 сом. Бүтүрүүчүлөр химия, биология, физика, англис тили, математика, тарых сабактарын тандай алышат. Тестирлөө кыргыз жана орус тилдеринде өтөт.   

Жалпы республикалык тест болжол менен 17-майдан 24-майга чейин болот. Анын убактысын Билим берүү министрлиги бекитет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: