super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановду кабыл алды

 

Бүгүн, 2014-жылдын 11-мартында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановду кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр мамлекет башчысына транспорттук инфраструктура объектилерин куруу боюнча жумуштардын, тактап айтканда, өлкөнүн автожолдорун куруу жана реабилитациялоонун долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен министр Калыкбек Султанов ошондой эле Кыргызстандын түндүк менен түштүк региондорун бириктирген альтернативалык стратегиялык автожолдун курулушун баштоо үчүн көрүлүп жаткан даярдыкты талкуулашты.

Мамлекет башчысы өлкөнү өнүктүрүүдө инфраструктуралык долбоорлордун маанисин баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигин аларды өз мөөнөтүндө ишке ашырууга милдеттендирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: